Акыркы суткада 1485 адамдан коронавирус аныкталып, 10 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1485 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкек – 923, Ош – 33, Чүй облусу – 165, Ош облусу – 109, Талас облусу – 22, Нарын облусу – 24, Ысык-Көл облусу – 38, Жалал-Абад облусу – 91, Баткен облусу – 80 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 127 миң 880 адамга жетти.
Соңку суткада 10 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун алтоо Бишкек шаарында, экөө Баткенде, Чүйдө жана Таласта бирден өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 19 адамды түздү.