Акыркы суткада 1437 адамдан коронавирус аныкталып, 9 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1437 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкек – 924, Ош – 71, Чүй облусу – 142, Ош облусу – 85, Талас облусу – 10, Нарын облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 33, Жалал-Абад облусу – 78, Баткен облусу – 87 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 132 миң 70 адамга жетти.
Соңку суткада 9 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун үчөө Бишкек шаарында, экөө Ысык-Көлдө, Ош шаарында, Ош облусунда, Чүйдө, Жалал-Абадда бирден өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 46 адамды түздү.