Акыркы суткада 142 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 142 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 59, Чүйдө — 28, Ош облусунда - 4, Таласта — 3, Ысык-Көлдө — 33, Жалал-Абадда — 2, Баткенде — 10 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 176 миң 18 адамга жетти.
Соңку суткада 4 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 536 адамды түздү.