Акыркы суткада 1398 адамдан коронавирус аныкталып, 10 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1398 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкек – 773, Ош – 67, Чүй облусу – 177, Ош облусу – 73, Талас облусу – 11, Нарын облусу – 15, Ысык-Көл облусу – 52, Жалал-Абад облусу – 111, Баткен облусу – 119 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 143 миң 668 адамга жетти.
Соңку суткада 10 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун бешөө Бишкек шаарында, үчөө Чүй облусунда, Жалал-Абад облусунда эки өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 133 адамды түздү.