Акыркы суткада 1330 адамдан коронавирус аныкталып, 11 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1330 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкек – 890, Ош – 18, Чүй облусу – 116, Ош облусу – 41, Талас облусу – 15, Нарын облусу – 23, Ысык-Көл облусу – 46, Жалал-Абад облусу – 71, Баткен облусу – 110 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 140 миң 978 адамга жетти.
Соңку суткада 11 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун алтоо Бишкек шаарында, экөө Чүйдө жана Ош, Талас, Жалал-Абад облустарында бирден өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 113 адамды түздү.