Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1319 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкек – 715, Ош – 25, Чүй облусу – 225, Ош облусу – 87, Талас облусу – 15, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 44, Жалал-Абад облусу – 109, Баткен облусу – 84 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 137 миң 58 адамга жетти.
Соңку суткада 10 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун жетөө Бишкек шаарында, үчөө Чүйдө катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 83 адамды түздү.
Акыркы суткада 1319 адамдан коронавирус аныкталып, 10 киши каза болду. Статистика