SerepTV Logo

Акыркы суткада 1295 адамдан коронавирус аныкталып, 9 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 1295 адамдан коронавирус аныкталып, 9 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1295 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкек – 761, Ош шаарында – 46, Чүй – 139, Ош облусунда – 41, Талас – 19, Нарын – 32,  Ысык-Көл – 45, Жалал-Абад – 98, Баткенде – 114 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 139 миң 648 адамга жетти. Соңку суткада 9 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун сегизи Бишкек шаарында, бирөө Ошто  катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 102 адамды түздү.