Акыркы суткада 125 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 125 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 58, Ошто - 3, Чүйдө — 36, Ош облусунда - 5, Ысык-Көлдө — 12, Жалал-Абадда — 4, Таласта — 2, Нарында - 1, Баткенде - 4 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 180 миң 348 адамга жетти.
Соңку суткада 4 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 647 адамды түздү.