Акыркы суткада 1198 адамдан коронавирус аныкталып, 9 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1198 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкек – 717, Ош – 60, Чүй облусу – 142, Ош облусу – 75, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 20, Ысык-Көл облусу – 39, Жалал-Абад облусу – 53, Баткен облусу – 88 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 134 миң 501 адамга жетти.
Соңку суткада 9 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун төртөө Бишкек шаарында, экөө Чүйдө, Баткенде эки, Жалал-Абадда бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 63 адамды түздү.