SerepTV Logo

Акыркы суткада 1147 адамдан коронавирус аныкталып, 11 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 1147 адамдан коронавирус аныкталып, 11 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1147 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  661, Ошто — 8, Чүйдө — 153, Ош облусунда — 59, Таласта — 20, Нарында — 26, Ысык-Көлдө — 52, Жалал-Абадда — 95, Баткенде — 73 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 156 миң 152 адамга жетти. Соңку суткада 11 киши оорудан каза болду. Бишкекте сегиз, Чүйдө бир, Жалал-Абадда эки өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 238 адамды түздү.