SerepTV Logo

Акыркы суткада 1127 адамдан коронавирус аныкталып, 10 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 1127 адамдан коронавирус аныкталып, 10 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1127 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  678, Ошто — 22, Чүйдө — 134, Ош облусунда — 37, Таласта — 7, Нарында — 19, Ысык-Көлдө — 54, Жалал-Абадда — 94, Баткенде — 82 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 155 миң 5 адамга жетти. Соңку суткада 10 киши оорудан каза болду. Бишкекте беш, Чүйдө эки, Таласта эки, Жалал-Абадда бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 227 адамды түздү.