SerepTV Logo

Акыркы суткада 1102 адамдан коронавирус аныкталып, 9 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 1102 адамдан коронавирус аныкталып, 9 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1102 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкек – 827, Ош – 10, Чүй облусу – 65, Ош облусу – 24, Талас облусу – 9, Нарын облусу – 12,  Ысык-Көл облусу – 55, Жалал-Абад облусу – 20, Баткен облусу – 80 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 152 миң 709 адамга жетти. Соңку суткада 9 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун бешөө Бишкекте, Чүйдө үч, Нарында бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 205 адамды түздү.