Акыркы суткада 1092 адамдан коронавирус аныкталып, 10 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1092 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкек – 602, Ош – 60, Чүй облусу – 177, Ош облусу – 47, Талас облусу – 15, Нарын облусу – 12, Ысык-Көл облусу – 26, Жалал-Абад облусу – 83, Баткен облусу – 70 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 123 миң 38 адамга жетти.
Соңку суткада 10 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун төртөө Бишкек шаарында, бирөө Жалал-Абад облусунда, үчөө Чүй облусунда, бирөө Талас облусунда, бирөө Ысык-Көл катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 992 адамды түздү.