SerepTV Logo

Акыркы суткада 1081 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 1081 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1081 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкек – 640, Ош – 71, Чүй облусу – 99, Ош облусу – 58, Талас облусу – 14, Нарын облусу – 17, Ысык-Көл облусу – 28, Жалал-Абад облусу – 91, Баткен облусу – 63 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 121 миң 946 адамга жетти. Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун үчөө Бишкек шаарында, бирөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Ош облусунда катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 982 адамды түздү.
Unknown Author