SerepTV Logo

Акыркы суткада 104 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 104 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 104 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 69, Ошто - 1, Чүйдө — 18, Ысык-Көлдө —10,  Жалал-Абадда — 5, Баткенде — 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 170 миң 36 адамга жетти. Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 614 адамды түздү.