SerepTV Logo

Акыркы суткада 103 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 103 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 103 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 47, Чүйдө — 35, Ошто - 1, Ысык-Көлдө — 7, Жалал-Абадда — 6, Таласта — 3, Нарында - 2, Баткенде - 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 182 миң 528 адамга жетти. Соңку суткада 3 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 710 адамды түздү.