SerepTV Logo

Акыркы суткада 100 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 100 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 100 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 49, Чүйдө — 20, Таласта — 5, Ысык-Көлдө — 11, Нарында — 4, Жалал-Абадда — 4, Баткенде — 5 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 176 миң 983 адамга жетти. Соңку суткада 3 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 566 адамды түздү.