SerepTV Logo

Акыркы бир жылда Кыргызстандын 700 миң жараны жакырчылыкта жашап калган

Акыркы бир жылда Кыргызстандын 700 миң жараны жакырчылыкта жашап калган
Коронавирус пандемиясынын кесепеттүү таасири коомдук саламаттыкты сактоонун чегинен чыгып кетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын материалында айтылат. COVID-19 кризиси жакырчылыкты кыскартуунун негизги фактору болгон.калктын эмгек кирешесине терс таасирин тийгизди. Инфляциянын кесепетинен калктын сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөшү менен айкалышкан бул кырдаал жарандарды пандемиянын экономикалык кесепеттерине алсыз кылды. Дүйнөлүк банк буга чейин 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 11% жогорулап, 31% чыкканын билдирген. Натыйжада дагы 700 миң адам жакырчылык деңгээлине жеткен - бул 6,6 миллион калкы бар өлкө үчүн чоң көрсөткүч. Эскертүү: Ошентип 6,6 миллион адам бар Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 31,1% түзгөнүнө таянсак, анда  Кыргызстанда жакырлардын саны 2,05 миллион адамды түзөт.
Unknown Author