Жазуучу Акбар Рыскуловго "Манас" ордени ыйгарылды
Акын жана жазуучу Акбар Рыскулов III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды. Буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда президенттик администрациядан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн - Улуттук жазуучулар союзунун президиумунун жана пленумунун мүчөсү, жазуучу Акбар Рыскулов III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды", - деп жазылат маалыматта.