SerepTV Logo

Акылбек Жапаров ИИМге эмне максатта барды?

Акылбек Жапаров ИИМге эмне максатта барды?
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ИИМге барып, шайлоо процесси учурунда коомдук тартиптин сакталышына көңүлүн бурду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, ички иштер министри Улан Ниязбеков Акылбек Жапаровго шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан коомдук-саясий жана криминалдык абалдын милиция тарабынан толук көзөмөлгө алынып жаткандыгын баса белгилеп, ушул багытта жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын комплекстүү багыттары менен тааныштырды. "Акылбек Жапаров ИИМдин Басма сөз кызматынын ишмердүүлүгү менен да жакындан таанышып, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө басма сөз кызматынын негизги багыттары менен кеңири таанышты. Басма сөз кызматынын студиясы, социалдык түйүндөр менен иштөө принциптери, техникалык жабдуулары жана ар тараптуу багыттарына байкоо жүргүздү",- деп айтылат маалыматта.