SerepTV Logo

Акылбек Жапаров добуш берүүгө небересин ээрчите келди

Акылбек Жапаров добуш берүүгө небересин ээрчите келди
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депуттарын шайлоого добуш берүүгө катышты. Анда Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы № 71 жалпы билим берүүчү мектепте жайгашкан № 1142 шайлоо участкасына барып өзүнүн добушун берди. Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жүрүүдө, республика боюнча 2443 шайлоо участогу уюштурулган.