Акыйкатчы этникалык кыргыздардын укуктарын бузган Мамкаттоонун кызматкерлерине чара көрүү керек дейт
Акыйкатчы Токон Мамытов кайрылман этникалык кыргыздардын укуктарын бузган Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине чара көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыйкатчыга Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын жарандыгын алуу учурундагы укуктарынын бузулгандыгы тууралуу 2 Кытай жараны, этникалык кыргыздар кайрылышкан. Акыйкатчынын басма сөз катчысынын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым кызматкерлеринин шалаакылыгынан, же болбосо өз милдеттерин так аткарбагандыктан, жогоруда көрсөтүлгөн кайрылмандардын жарандык паспортторунун мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандыгына кайрадан тапшыра албай жатышат. Алардын кайрылуусу боюнча Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги алардын паспортторун жаңылап берүүдөн баш тарткан. Ал эми Кыргызстанда алардын кайрылмандык укуктары чектелип калган.
Мындан улам акыйкатчы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге Көңүл буруу актысын жолдоп, анда Кытай Эл Республикасынын жарандары, этникалык кыргыздардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү максатында паспортторун жаңылоого жана кайрылмандык күбөлүктөрүн узартууга көмөк көрсөтүүнү жана укуктарынын бузулушуна жол койгон кызматкерлерге тиешелүү чараларды көрүүнү сунуштаган.