Активист Тилекмат Куреновдун үйүндө тинтүү жүрдү
Активист Тилекмат Куреновдун (Кудайбергенов) үйүндө тинтүү жүрдү. Бул учурду активисттин туугандары видеого тартып, соцтармактарга жарыялашты.
Тасмада укук коргоо органдары бөлмөлөрдүн бирин тинтип, анын баарын камерага түшүрүп жатканын көрүүгө болот.
Аларды да тартып жатышканын байкап калган милиция кызматкери тартуу иштерине тоскоолдук жаратууга аракет кылган.
https://youtu.be/hBrqM8JuFTA
Эскерте кетсек, кечээ, 15-мартта активист Тилекмат Куреновду (Кудайбергенов) кармап кетишкен. Кийин аны 48 саатка камашканы белгилүү болгон. Куреновду Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн бийликти басып алууга чакырык жасаган деп айыптап жатышканы айтылган. Кайсы билдирүүсү тууралуу кеп болуп жатканы азырынча белгисиз. Кечээ эле анын санаалаштарынын бири, саясатчы Жеңиш Молдокматовдун кеңсесинде да тинтүү болгон.