SerepTV Logo

Аксыда селден каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам тапшырылды

Аксыда селден каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам тапшырылды
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жүргөн селге байланыштуу өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери президенттин жеке көзөмөлүндө. Каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө тийиштүү жардам көрсөтүлөт. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Ал президенттин атынан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 1 миллион сом, ал эми үй-бүлө мүчөсү курман болгон эки үй-бүлөнүн ар бирине 100 миң сомдон берди. Министрлер кабинетинин башчысынын Резервдик фондунан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 300 миң сом, үй-бүлө мүчөлөрү курман болгон эки үй-бүлөнүн ар бирине 50 миң сомдон бөлүндү. "Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында дайынсыз жоголгон 5 жашар баланы издөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди",- деп айтылат маалыматта. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="64558,64556,64557,64555,64554"]