Аксыдагы айылдын жолу асфальтталып, ишке берилди (видео)
Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Жыл-Кол айылында 1,5 чакырым жолго асфальт төшөлүп ишке берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков билдирди.
Иш-чарага айылдык кеңештин төрагасы жана район акими Максатбек Саргазаков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
"Мындан тышкары райондогу "Желтийбес" насостук станциясына баш багып, Мор-Булак жана Жар-Башы айылдарында курулуп жаткан мектептердин абалы менен таанышып, жергиликтүү эл менен жолугуштум. Ошондой эле, Үч-Коргон айылында салынып жаткан социалдык объекттерден кабар алдым", - деп жазды ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram