Аксыда сел алып кеткен 2 бөбөктү иттер менен издеп жатышат
Милиция Аксыдагы сел алган аймакта коомдук тартипти сактоо менен бирге жарандарга жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
12-июль күнү саат 19:00дөр чамасында Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагы менен Ак-Жол айыл аймагын бириктирип турган Танды-Булак жайлоосуна жааган жамгырдан улам катуу сел жүрүп, натыйжада 8 адамды агызып кеткендиги боюнча Аксы РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундардан маалымат келип түшкөн. Бул болгон жаратылыш кырсыгы Аксы РИИБге катталган.
"Жогоруда алынган маалымат боюнча Аксы РИИБдин өздүк курамы түп көтөрүлүп, окуя болгон жерге Аксы РИИБдин жетекчилиги өздүк курам менен барышкан. Ошондой эле Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Ашим Тагаев, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы тиешелүү кызматкерлери жана атайын техникалар менен окуя болгон аймакка барышып, учурда жеринде иш алып барышууда", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурга 6 адамдын жансыз денеси табылып, аты-жөнү такталган. Ал эми калган 2 жаранды издөө иштери улантылууда. Ошондой эле издөө иштерине Жалал-Абад ОИИБдин Кинология борборунун атайын кызматтык иттери менен тиешелүү кызматкерлер кошумча күч катары тартылган. Окуя болгон учурдан тартып Аксы РИИБдин өздүк курамы сел алган аймакта кызмат өтөшүп, коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иштешип, жабыр тарткан жарандарга жакындан жардам көрсөтүшүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="63917,63916,63915,63914,63913,63912"]