SerepTV Logo

АКШ эми кыргызстандыктарга кайрадан виза бере баштайт

АКШ эми кыргызстандыктарга кайрадан виза бере баштайт
АКШга виза албай калган кыргызстандыктар кайрадан элчиликке кайрыла алат. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинде айтылганына таянып, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайстын айтымында, 2020-жылдын 20-январына чейин визага тапшырып, бирок ала албай четке кагылгандар каттоо акысын төлөп, кайрадан кайрылышы керек. Ал эми 20-январда жана андан кийин берилбей калган визалардын ээлери эч кандай төлөм жана жаңы каттоо арыздары жок эле элчиликтин чыгарган чечимин кайра карап чыгууну талап кыла алышат. Белгилей кетсек, Былтыр АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп миграция боюнча чектөө киргизген болчу. Тыюу салынган өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан да болгон. Ал эми АКШнын бийлигине жаңы президент Жо Байден келгенден кийин 20-январда чет элдик жарандар үчүн, аны менен катар Кыргызстандын жарандары үчүн да тыюу салган иммиграция жана “Грин-картага” (Diversity Visa) болгон чектөөнү жокко чыгаруу боюнча указга кол койгон.    
Unknown Author