Акматова: "Таласта 14 күндөн бери вирус жуктургандар жок"
Акыркы 14 күндө Талас облусунда коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча брифинг учурунда билдирди.
"Эпидемилогиялык кырдаалга күндөлүк мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасында жогорку көрсөткүчтөр Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата, Жайыл, Сокулук райондорунда катталып жатат. Ал эми Таласта 14 күндөн бери илдетке чалдыккандар катталган жок", - деди ал.
Бүгүн өлкө боюнча 113 адамдан оору катталса, анын 61и Бишкектен, 44ү Чүй облусунан чыккан.