"Акчаны тамак-ашка араң жеткиребиз" дейт 2019-жылы 3 эм төрөгөн келин
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 37 жаштагы Айгүл Аккулуева кайрылып, 2019-жылы 16-ноябрда Ошто 3 эм кыз төрөгөнүн айтты. Анын айтымында, кыздарына Батма, Зуура, Үпөл деген ысым беришкен.
"Азыр Аксы районундагы Кош-Дөбө айылында турабыз. Өкмөттөн 10 миң сом алганбыз. Башка кирешебиз жок. Тамак-ашка араң жеткиребиз. Өзүбүздүн атыбызда үй жок. Өлкө башчысы акчалай жардам берсе деле жакшы болмок. Үйдө шарт жок үчүн 2 жашка чейин өзүмдүн үйүмдө чоңойттум.
Өзүбүздүн 4 бала бар, жолдошумдун биринчи турмушунан 3 бала бар. Жалпы 7 бала багабыз. Жолдошум жакында эле бала бакчага кароолчу болуп, жумушка кирди. Айлыгы 9 миң сом экен",- деди келин.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="260232,260234"]