"Акча талап кылып, коркутуулар болгон". Бишкекте 53 жаштагы жаран 5 күндөн бери дайынсыз болууда
Бишкекте 53 жаштагы Аскаралы Жуманалиев 10-декабрдан бери дайынсыз болуп жатат. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакындары жардам сурап кайрылышты.
Маалыматка караганда, 9-декабрь күнү телефон аркылуу коркутуулар болгон. 10-декабрда таңкы саат 06:00 чамасында Жуманалиев Бишкектеги Ак-Бата конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес. "Биз атам жоголгон күнү эле милицияга кабарлап, издөөгө бергенбиз. Бүгүн анын дайынсыз болуп жатканына 5 күн болду. Акча талап кылып коркутуулар болгон. Жоголгонуна 3 күн болгондо, анын велосипеди Эне-Сай конушунан табылды. Атам колу-буту, бели чыгып кеткен жарандарга жардам берчү", - деди ал.
Белгилери: бою 177 сантиметр, салмагы 65 килограмм, арык дене түзүлүштө.
Кийген кийими: Кара пальто, башында ак калпак, кара шым, кара түстөгү бут кийим.
Сүрөттөгү жаранды көрүп, билгендер болсо, 0709462699, 0708081496 номурлары менен байланышсаңыздар болот.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="89441,89442"]