Академик: “COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн адам өмүр бою оорудан алыс болот деген кепилдик жок”
COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн адам өмүр бою оорудан алыс болот деген кепилдик жок. Бул тууралуу маалымат жыйынында Санкт-Петербургдагы Эпидемиология жана микробиология илимий-изилдөө институтунун директору, академик Арег Тотолян билдирди. Анын айтымында, коронавирустук инфекцияны жуктуруп алгандар оорудан 6 айдан кийин эмдөөдөн өтүшү керек.
«Эгерде баштапкы эмдөө жүргүзүлгөн болсо, анда 6 же 12 айдан кийин ревакцинация жүргүзүлүшү керек, бирок так мөөнөтү аныктала элек. 6 айдан баштап эмдөөдөн кийин жана оорудан кийин антителолордун деңгээлинин акырындык менен төмөндөшүн байкап жатабыз», - деди ал.
Тотолян белгилегендей, оорудан кийин антителолорду узак убакытка, тагыраагы 1 же 1,5 жыл кармаган адамдардын категориясы дагы бар. "Бирок алардын саны көп эмес. Арасында бейтаптардын жанында жүргөн медициналык кызматкерлер да бар. Мындайча айтканда, алар оору жуктуруп алгандардын жанында болуп, кадыресе реиммунизация алышат. Алардын антителосу дайыма жогорку деңгээлде", - деди академик.