Ак Үйдүн алдына Орхан Инандынын тарапташтары аны кайтарып берсин деген талап менен митинг уюштурууда (сүрөт)
Бүгүн, 6-июлда Ак Үйдүн алдына “Сапат” билим берүү мекемесинин жеткекчиси Орхан Инандыны колдогон жарандар митингге чыгышты. Митингдин катышуучулары Кыргыз жараны болгон Инандыны кайтарып берүүсүнү талап кылышууда.
«Биз бийликтен расмий билдирүү жасоону суранабыз, түшүндүрмө талап кылабыз. Бул кандайча болушу мүмкүн? Кыргыз жараны Орхан Инандыны өлкөдөн кантип чыгарып кетишти? Бул кандайча болгонун түшүнө албай жатабыз. Түркиянын атайын кызматы Кыргыз жаранын кантип алып кетти? Коркунучтуу болуп баратат», - дешет алар.
1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="62128,62129,62130"]