SerepTV Logo

Ак-Сууда окуучулар милицияга рэкетчиликти жоюу боюнча сунуштарын беришти

Ак-Сууда окуучулар милицияга рэкетчиликти жоюу боюнча сунуштарын беришти
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда ИИБ жетекчилиги мектептеги активист окуучулар менен мектеп рэкети, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жана укук бузуулар жөнүндө меселелерди талкуулады. Бул тууралуу облустук милицияда билдиришти. Жолугушуу Ак-Суу районунунда жайгашкан курорттук комплекстеринин биринде уюштурулду. Расмий эмес жана мажбурланбаган маектешүү учурунда орто мектеп окуучуларынан көптөгөн пикирлер жана сунуштар ортого салынды. Алардын пикири боюнча, рэкетчилик менен алектенген жаш өспүрүм менен сөзсүз түрдө байланыш түзүп, аларды ошол мектептеги рэкетчиликти жоюуга өзүлөрүн тартуу керек. Мектептерде ийримдерди, секцияларды түзсө, анда окуучу бош убактысын көчөдөн өткөрбөстөн, ошол рэкетчилик менен алектенишкен топ балдардын азгырыгына азгырылбастан, өзүнө пайдалуу билимдерге, же болбосо эмгекке умтулуусуна өбөлгө түзүлмөк. Мектеп рэкетин алдын алуу жана жол бербөө боюнча эффективдүү чаралар боюнча мектептер арасында сынактарды уюштуруу. Мындай жол, алардын пикири боюнча мектептердин рэкетчилик менен күрөшүүгө кызыкчылыгын туудуруп, рэкетчиликти жоюу боюнча иш-чаралардын белгилеши менен күрөш күчөмөк жана аталган фактылар жашырылмак эмес. Ак-Суу райондук милициянын башчысы Талгар Мамбетказиев белгилегендей, активист окуучу балдардан келип түшкөн сунуштар боюнча жакынкы арада жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын иш мерчеми түзүлмөкчү. Негизги басымды үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө, балдарды тарбиялоодо ата-энелердин ролуна бурулат. Мектептердин мугалимдер жамааты менен биргеликте сабырдуулук, адамдык баалуулуктарды өнүктүрүү, ажырагыс инсандын калыптануусу жана чыр-чатактарды чечүү боюнча сабактан тышкаркы сабактар да уюштурулат. «Мектеп, үй-бүлө сыяктуу эле, балага турмуштун негизги баалуулуктарын калыптандырышы керек. Муну биринчи класстан эле баштоо абзел », - деди ал. [gallery columns="1" size="full" ids="34397,34398,34399,34400"]
Unknown Author