SerepTV Logo

Ак-Сууда 5 үйгө уурулар кирген. Шектүүлөр кармалды

Ак-Сууда 5 үйгө уурулар кирген. Шектүүлөр кармалды
Ак-Суу районунда уурулук фактыларынын бети ачылып, кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. 2024-жылдын жай айларынан тартып Ак-Суу районунда бир катар батир уурулугу катталып, бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иштери козголгон. Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери иш жүргүзүп, 6-декабрда кылмышка шектүүлөрдү кармашкан. Алар Теплоключенка айылынын 26 жаштагы 2 тургуну экени аныкталган. Тергөө амалдарынын алкагында алдын ала сурак жүргүзүлүп, шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышкан. Натыйжада, жалпы 5 батир уурулугу боюнча фактылардын бети ачылган. Ак-Суу райондук сотунун чечими менен шектүүлөргө карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы белгиленди. Тергөө амалдары уланууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="265107,265108"]