SerepTV Logo

Ажылыкты уюштурууну Муфтияттан алып салуу каралууда

Ажылыкты уюштурууну Муфтияттан алып салуу каралууда
Ажылык сыяктуу акча чогулткан иш-чараларды Муфтияттан бөлүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин мүчөсү, теология илимдеринин доктору Марс Ибраев «Маралга» берген маегинде билдирди. Анын айтымында, акча болгон жерде чыр да болот. Ажылыктын каражат чогултуу системасы өзгөрсө, Муфтият көбүрөөк сабатсыздыкты жоюу, имамдардын квалификациясын, диний билим берүү деңгээлин жогорулатуу жаатында иш алып бармак. «Диний чөйрө кылдат каралышы керек. Сырттан саясий күчтөр аралашса, дин да саясатташып кетет. Өткөн окуялар жагымсыз жагдай жаратты, өкүнүү менен кабыл алып жатабыз. Анын зыянын жалпы диний адамдар көрдүк», — дейт Ибраев. Мындан тышкары «Муфтият ажылык үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, квота маселесин карашы керек, ал эми уюштуруу жана техникалык иштерин жеке фирма же жаңы түзүлө турган уюм алып кетиши керек» деген сунуштар айтылып жатканын белгиледи.
Unknown Author