Айылдык кеңештин депутаты болом деп чамынгандардын саны 20 миңге жакындады
Айылдык кеңештин депутаттыгына 19 миң 140 адам талапкерлигин койду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, айылдык кеңештин депутаты болууга ниеттенген 19 миң 140 адамдын 63ү саясий партиялар тарабынан, калганы өзүн-өзү көрсөткөн.
Шайлоого катышууга арыз берүү 11-мартта жыйынтыкталган. 22-мартка чейин мекеме талапкерлердин документтери мыйзамдарга дал келерин текшерип, талапкер катары каттайт. Андан соң үгүт иштери башталат.
Ал эми шайлоо 11-апрелде 7 560 мандат үчүн 420 айылдык кеңеште өтөт.