Айтматов проспектисинен көчүрүлгөн 250 арча кайсы жакка көчүрүлгөн?
22-февралда Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги 250 ийне жалбырактуу дарактын 50сүн «Адинай» сейил багына, калганы шаардын төрт районуна бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Алар:
- Ленин районундагы «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагына 40 түп, №102 мектептин аймагына 10 түп арча отургузулду;
- Октябрь районундагы №57 бала бакчага жана №112 мектепке 50 түп көчөт отургузулду;
- Свердлов району боюнча Кыргыз көчөсүнүн боюна 50түп дарактар отургузулган;
- Биринчи май районунда №108 мектептин айланасына ийне жалбырактуу дарактар отургузулду.
Учурда Айтматов проспектисинин боюндагы жашыл аймактарды жакшыртуу иштери, веложолду куруу пландаштырылууда. Проспекттеги эски бактардын ордуна жаңы бак-дарактар – клен дарактары отургузулат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="275371,275372,275373,275374,275375"]