SerepTV Logo

Айтматов проспектисиндеги кыйылган бактардын ордуна 5 метрлик клен тигилет

Айтматов проспектисиндеги кыйылган бактардын ордуна 5 метрлик клен тигилет
Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин Укук тартиби комитетинин жыйынында вице-мэр Жамалбек Ырсалиев 5 метрдей клен сатылып алынганын, алар кыйылган теректердин ордуна отургузула турганын билдирди. "Кыйылган бак-дарактар "Бишкек жашыл чарбанын" аймагынан чогултулат. Алардын айрымдары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун катары берилет. Калганы шаардын чарбалык муктаждыктарына жумшалат", - деди. Ырсалиев катуу шамал учурунда эски бак-дарактардын айрымдары кулап, зыян келтирерин, азыр ыйлап жаткандар кубанышарын айтты. Депутат Айсулуу Мамашова вице-мэрге "Чыңгыз Айматов проспектисинде кыйылган теректердин ордуна жаңы бактар отургузулабы?" деп суроо салган эле.