SerepTV Logo

Айтматов проспектисинде түнкүсүн унаа кыймылына коюлган чектөө алынды

Айтматов проспектисинде түнкүсүн унаа кыймылына коюлган чектөө алынды
11-сентябрдан тарта Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектисинде саат 22:00дөн кийин унаалардын кыймылына чектөө киргизилбейт. Мындай чечим шаардыктар жана айдоочулар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу, ошондой эле жол агымын жөнгө салуу максатында кабыл алынды. Ушул күндөн тарта проспектидеги унаа кыймылы күнү-түнү ачык болот.
info