SerepTV Logo

Айрым аймактарда жамгыр жаайт. 24-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

Айрым аймактарда жамгыр жаайт. 24-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 24-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун айрым тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөн зонасында, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык зоналарында жана Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +28...+33; Талас облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +26...+31; Баткен облусунда түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26; Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +21...+26; Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +30…+32 градус болот.