SerepTV Logo

Айрым аймактарда жаан жаайт. 23-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

Айрым аймактарда жаан жаайт. 23-майга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 23-майда түнкүсүн Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32; Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30; Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23; Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23; Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +29…+31 градус болот.