«Айлыкты эмне үчүн аласыңар?». Бишкек шаардык кеңеши жана вице-мэр сынга кабылды
Бүгүн, 18-февралда Бишкек шаарында бюджеттик угуу өтүп жатат. Анын жүрүшүндө шаар тургундары кызыктырган суроолорун да беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаардык кеңешинин спикери Жаныбек Абиров 11-апрелде шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөрүн айтып, учурдагы 27-чакырылыштын мөөнөтү аяктап бара жатканын белгиледи.
«Ошол эле учурда биз жаңы мэрди шайлайбыз. Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүсүүнүн 4 жылдык программасы кабыл алынган»,- деди ал.
Ошол учурда сахнага улгайган шаар тургуну чыгып, өзүн Мухтар байке деп тааныштырды. Анын айтымында, Бишкек шаарынын четинде 500 миңдей адам жашайт.
«Бул жерде көпүрө кургула, муну кургула деп айтып жатышат. Көпүрөнү өзүңөр эле куруп алсаңар болот да. А бизде же мектеп, же жол жок. Балдарыбыздын жумушу жок. Ошондуктан алар кримчөйрө менен иштөөгө мажбур болууда, анткени жегенге эч нерсе жок. Эгерде силердин бюджетиңер жок болсо, анда эмне үчүн бизди чакырып жатасыңар?»,- деди ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына жана вице-мэрге кайрылып.
Мухтар байке шаардык кеңешке муктаждык жок экенин айтты.
«Эгерде силер эч нерсе кыла албасаңар, акчаңар жок болсо, андан силердин эмне керегиңер бар?»,- деди ал.
Мухтар байке шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абировдон айлыгы тууралдуу сурады. Жаныбек Абиров 30 миң сом айлык аларын айтты.
«Ошол 30 миң сомду эмне үчүн аласыңар?»,- деп нааразы болду Мухтар байке.