Айдоочулардын эсине: Төө-Ашууда туман болуп, кар жаап жатат
Аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда туман болуп, кар жаап жатат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
"Ошол себептен Сосновка туруктуу постунда саат 01:40 чамасынан баштап оор жүк ташыган унааларга чектөө киргизилди. Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында иш алып барышууда",- дешти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram