SerepTV Logo

Айдоочулардын эсине: Боом капчыгайындагы жол маал-маалы менен жабылып жатат

Айдоочулардын эсине: Боом капчыгайындагы жол маал-маалы менен жабылып жатат
Боом капчыгайынын айрым бөлүгү жабык. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымынан тартып 130-чакырымына чейинки аралыгында таш түшүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 15:00гө чейин унаалар үчүн жол маал-маалы менен жабылып, ачылып турат. Айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алып, жолго чыгаарда алдын ала мерчемдөөгө чакырабыз.