Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутаттыкка талапкер
Ахматбек Келдибеков УКМКда сурак берип жатат.
Маалыматтарга караганда, ошол эле убакта УКМКнын имаратынын жанына анын тарапташтары чогулууда. Кечээ, 1-декабрда УКМКдан саясатчынын соцтармактагы баракчасына жарыялаган видео баяндамалары боюнча түшүндүрмө берүүгө чакырылганын маалымдашкан.
Буга чейин "Азаттык" партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган.