Адвокат: "Фарид Ниязовдон жогорку коркунучтагы гипертония аныкталды"
Бүгүн, 18-мартта Бишкек шаардык соту президенттин аппаратынын мурунку башчысы Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын күчүндө калтырды. Ал СИЗО-1 мекемесинде 10-апрелге чейин болот.
Жактоочусу Замир Жоошев журналисттерге билдирген маалымат боюнча, 3-мартта Кардиология жана терапия боюнча улуттук борборунда дарыгерлердин консилиуму өткөн.
«Дарыгерлер 9-мартта бүтүм чыгарышты. Анда Фарид Ниязовдо III стадиядагы III даражадагы жогорку коркунучтагы гипертония бар экени айтылган. Өкмөт тарабынан бекитилген тизме боюнча, мындай оорусу бар адамдар камакта болбошу керек», - деди жактоочу.