SerepTV Logo

Бишкекте абхазиялык номерлүү унаа ээлери митингге чыгышты

Бишкекте абхазиялык номерлүү унаа ээлери митингге чыгышты
Бүгүн, 23-мартта Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында абхаз номерлүү унаа ээлеринин митинги өтүп жатат.  Алар өкмөттөн мындай номерлүү унааларды колдонууга уруксат берүүнү талап кылышууда. Айтымдарында, 3 жылдан бери мындай унааларды эч көйгөйсүз эле айдап жүрүшкөн. Алып жатканда да тыюу салынганын билишкен эмес. Ушул жылдын 16-мартынан бери өлкө аймагында абхазиялык номерлүү унааларды аныктоо жана текшерүү боюнча рейд жүрүүдө.  Иш-чаранын жүрүшүндө аныкталган унаалар "Бажы инфраструктурасы" Мамлекеттик ишканасынын аймагында жайгашкан бажы көзөмөл аймагына жеткирилип жатат. Ошондой эле Бажы кызматы жарандарды мындай унааларды сатып албоого чакырууда: "Абхазиядан убактылуу алып келинген унаалар ЕАЭБдин Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык ишеним кат менен гана пайдаланууга жатат. Ал унааларды Кыргызстандын аймагына алып келип, бажы каттоосунан өткөрбөй туруп, эксплуатациялоо - мыйзамсыз".
Unknown Author