SerepTV Logo

Абхазия, Армениянын номуру менен жүргөн унаалар мыйзамдаштырылат. Жарлыкка кол коюлду

Абхазия, Армениянын номуру менен жүргөн унаалар мыйзамдаштырылат. Жарлыкка кол коюлду

Абхазия, Армениянын номуру менен жүргөн унаалар мыйзамдаштырылат. Жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекет башчы Минкабга легалдаштыруу жол-жобосун 6 айдын ичинде 3 этап менен жөнгө салууну тапшырган. Мыйзамдаштыруу этаптары:
  1. 1-этапта документи барлар катталат;
  2. 2-этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп бергендер катталат;
  3. 3-этапта документи жок унаалар тетик катары сатылат же өлкөдөн чыгарылат.
11-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Абхазия, Армениядан келген унаалар боюнча маалымат берип, жыйын өткөргөнүн айткан. Ал өлкөдө абхаз, армян номурлуу 15 миңдей унаа бар экенин билдирген.