SerepTV Logo

Опера жана балет театрынын аталышы өзгөрдү. Абдылас Малдыбаев эмне болот?

Опера жана балет театрынын аталышы өзгөрдү. Абдылас Малдыбаев эмне болот?
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын аталышы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон өкмөттүн 2021-жылдын 22-февралындагы токтомуна ылайык, эми «В.И.Ленин ордендүү» деп кошулуп, мамлекеттик башкаруу формасы «мамлекеттик мекеме» деп көрсөтүлөт. "Бул мекеменин аты юридикалык документтерди тактоо үчүн өзгөртүлгөн. Мурунку аталышы күбөлүк боюнча дал келчү эмес. Жөн гана тактоо киргизилди",- дешти алар. Эми мекеменин толук аталышы «Абдылас Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры» мамлекеттик мекемеси болот.
edita