Абдиманап Масалиев Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп шайланды
27-майда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин 17-протоколдук жыйынында Аалымдар кеңешинин төрагасы Абилилла Кадырбердиевдин кызматтан кетүү боюнча арызы каралып, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан арызы канааттандырылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен Абдиманап Масалиев Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Масалиев Абдиманап Маликович 1965-жылы Баткен шаарында төрөлгөн.
1991-1994-жылдары - Ташкенттеги «Абдулкосим» медресесинде мударрис болуп эмгек жолун баштайт; 1994-1996-жылдары - Сокулук районундагы Сокулук жана Шалта айылдарында жеке үйлөрдө (хужраларда) жаштарга дин таалимин окутуп, Куран окууну үйрөтөт;
1996-жылы - Кыргызстан мусулмандарынын биринчи Курултайында Уламалар кеңешине мүчө болуп шайланып, ошол эле жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын борбордук мечитине имамдын орун басары болуп дайындалган;
1997-жылдын июнь айында Бишкек шаарынын борбордук мечитинин башкы имамы болуп бекитилген; 2000-жылдагы Кыргызстан мусулмандарынын курултайында кайрадан Уламалар Кеңешине мүчө болгон;
2006-жылга чейин Бишкек шаарынын казысы кызматын аркалаган;
2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарындагы Туңгуч мечитинде имам хатиб болуп, элге кызмат кылып келе жатат.
Үй-бүлөлүү эки уул, эки кыздын атасы.